• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда селдин кесепетинен эки өспүрүм каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын Жизак облусунун тоолуу Заамин районунда селдин кесепетинен эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы кыз жана анын 9 жаштагы иниси дүкөндөн үйүнө кайтап келе жатышкан. Ошол кезде Ширин айылында сел жүргөн, сел өспүрүмдөрдү агызып кеткен.

Эркек баланын сөөгү дарыянын жегинен табылган, ал эми кыз эс-учун жоготкон абалда райондук медициналык мекемеге жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, ал көз жумган.

Белгилей кетсек, 1-майда эртең менен Сырдарыя облусундагы Сардобин суу сактагычында дамба жарылган. Ал жактан 70 миңдей адам көчүрүлүп, 56 адам ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий