• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда селдин кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кечээ Өзбекстандын Жизак облусунун Галляарал районундагы Жийдали айылында селдин кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз талаадан малды үйүнө айдап келүү үчүн дарыяны кечип өтүп бараткан учурда, аны сел агызып кеткен. Кыздын сөөгү дарыяга жакын жерден табылган.

Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, мурдараак Жизак облусунун Заамин районунда селдин кесепетинен дагы эки өспүрүм каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий