• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда сентябрда азык-түлүк баасы 1,4% кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.20 /Кабар/. Өзбекстанда сентябрь айында күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы жана тарифтер орточо 1,4% кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр сентябрда баа орто эсеп менен 1,3% өскөн.

2020-жылы январь-сентябрь айларында керектөө рыногунда баа жана тарифтер орточо 6,3% кымбаттаган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 9,7% жогору.

Өзбекстандын Монополияга каршы комитети сентябрдын аягында айрым азык-түлүктөрдүн баасы кескин жогорулап кеткенин билдирди.

Маселен, суу май 30%, кумшекер 15%, жумуртка 30% кымбаттаган.

Быйыл тогуз ай ичинде өлкөгө 177 миң тонна суу май импорттолгон, бул былтыркыга салыштырмалуу 13% көп.

Пикир

Оставить комментарий