• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда шишкебекке жапырт уулангандардын арасында өлгөндөр бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Наманган облусунун Чуст районунда тамакка ууланып эки киши набыт болду, дагы алтоо аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“centralasian.org" кабарлагандай, 21-октябрда Чуст районунда жергиликтүү базардын жанындагы ашканадан тамактанган отуздай киши аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жеткирилген.

–Бул ашканага келген кардарлар шишкебек жешкенден кийин ооруканага түшүшкөн. Өткөн жекшембиде райондук оорукана уулангандарга толуп калды. Эл өлгөндөрдүн саны тогузга жеткенин, ондогон киши ооруканага жаткырылганын айтууда. Уулануу болгондон кийин базарга жакын ашканалардын баары жабылды. Азыр текшерүү жүрүп жатат , – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Чуст райондук ооруканасынын дарыгери купуялуулукту сактоо шарты менен тамакка ууланып эки киши өлгөнүн, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Наманган облусунан жана Ташкенттен адистер чакыртылды.

Чуст райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Зайлиддин Анаркулов уулангандарга ичеги-карын иерсиниозу диагнозу коюлганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий