• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда сот алгачкы жолу хижабга байланышкан ишти карай баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. 5-февралда Ташкенттин Шайхонтохур райондук соту хижаб маселесине байланыштуу өлкөдөгү алгач ишти карай баштады. Жергиликтүү адвокат Абдувохид Якубов Эл аралык ислам академиясынын алдындагы лицейде билим алган кызын окуу жай жетекчилиги жоолукчан сабакка киргизбей жатканына даттанган.

«Кызым эрезеге жете элек, ошондуктан сотто анын укуктарын өзүм коргоюн дедим. Студенттердин сабактарга жоолук менен баруусуна тыюу салган окуу жайдын ички эрежелерин жокко чыгаруу талабы менен доо арыз жаздым. Анткени ал өзбек өкмөтү тарабынан кол коюлган эл аралык документтерге, өлкө Конституциясына каршы келет», — деди адвокат.

Өлкөнүн «Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу» мыйзамы «жарандардын диний кийимдер менен коомдук жайларга чыгуусуна» жол бербейт.

Бирок адвокат өзбек бийлиги аталган мыйзамды туура эмес чечмелеп жатканын билдирүүдө. «Жоолук – бул диний эмес, улуттук кийим. Ошондуктан Ислам академиясы менен лицейдин жетекчилиги студенттердин жоолук менен сабакка баруусуна тыюу сала албайт», — деди Якубов.

Адвокат 5-февралдагы отурумда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөндүктөн, ишти кароо 7-февралга жылдырылды.

Окуу жылы башталгандан бери Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясынан сабактарды калтыргандыгы үчүн кеминде төрт студент чыгарылган.

Алардын бири 19 жаштагы Луиза Муминжонова окуусун хижаб кийүүгө тыюу салынганына байланыштуу аяктай албай калганын билдирди. «Мага хижабды же окууну танда дешти. Мен хижабды тандадым», — деди ал.

Академиядан окуу жайда студенттердин хижаб же жоолук менен сабакка катышуусуна уруксат берилбей турганын ырасташты. Рекордун жардамчыларынын бири аларда хижабга гана эмес, жынсы шымга жана кыска юбкага да тыюу салынганын белгиледи.

Өзбекстандын эл аралык ислам академиясы президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен былтыр апрелде, Өзбекстандын ислам академиясы менен Ташкент ислам институтунун базаларында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий