• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда соттолгондордун жана түрмөлөрдүн саны боюнча маалымат жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Өзбекстанда ар бир 100 000 миң кишинин 68и түзөтүү жайларында жазасын өтөөдө. Бул тууралуу 11-январда Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында айтылды.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Өзбекстанда 54 колония бар. Алардын 18и жабык түрмө, 25и түзөтүү колониялары жана 11и тергөө изолятору.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, түрмөлөрдө 22 миңден ашуун соттолуучу бар. Алардын 7000ден ашууну жалпы режимдеги колонияларда жазасын өтөп жатат, 14000ден ашыгы жабык типтеги түрмөлөрдө отурат.

Билдирүүдө кыйноонун алдын алуу үчүн 54 пенитенциардык мекемеде 3280 видеокөзөмөл жабдуулары орнотулганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий