• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сум девальвацияланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкы 1 АКШ долларынын курсун улуттук валютага карата 8100 сум деңгээлинде бекитти. Бул өткөн аптага караганда 3889,65 сумга жогору.

Борбордук банк сумду башка чет өлкөлүк валюталарга карата дагы девальвациялады.

Өзбекстан президенти 2-сентябрда валюта саясатын либералдаштыруу боюнча жарлык чыгаргандан бери сумдун куну кескин төмөндөдү. Өлкөдө улуттук валюта көп жылдан бери алгач ирет девальвация болууда.

Ушул эле жарлыкка ылайык, 5-сентябрдан тарта өлкө жарандары акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды тоскоолдуксуз сатуу-алуу укугуна ээ болушат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий