• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктурган 96 учур катталды. Жалпы 4448

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 448 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 96 учур катталган. Ал эми 3 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 4 миң 448 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 337 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 18 бейтап каза болду. 1073 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 8инин абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий