• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 142 учур катталды. Жалпы 6358

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 6 миң 358 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 142 учур катталган. Ал эми 87 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Учурда өлкөдө 6 миң 358 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 377 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 962 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 15инин абалы оор болсо, үчөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий