• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 262 учур катталды. Жалпы 7490

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 7 миң 490 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 262 учур катталган. Ал эми 151 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.

Учурда өлкөдө 7 миң 490 адам илдет жуктурса, анын 5 миң 38 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 20 бейтап каза болду. 2 миң 433 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 20сынын абалы оор болсо, сегизинин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий