• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 267 учур катталды. Жалпы 8298

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 8 миң 298 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 267 учур катталган. Ал эми 167 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.

Учурда өлкөдө 8 миң 298 адам илдет жуктурса, анын 5 миң 496сы айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 24 бейтап каза болду. 2 миң 778 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 19унун абалы оор болсо, алтоонун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий