• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 276 учур катталды. Жалпы 66 миң 313

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 66 миң 313 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 276 жаңы учур катталды. Ал эми 281 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 63 миң 446 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 560 бейтап каза болду. 2 миң 307 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий