• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 277 учур катталды. Жалпы 8904

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 8 миң 904 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 277 учур катталган. Ал эми 164 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 1 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Өлкөдө 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилген.

Учурда өлкөдө 8 миң 904 адам илдет жуктурса, анын 5 миң 847си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 27 бейтап каза болду. 3 миң 30 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 16сынын абалы оор болсо, тогузунун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий