• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 285 учур катталды. Жалпы 65 миң 765

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 65 миң 765 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 285 жаңы учур катталды. Ал эми 251 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 62 миң 876 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 554 бейтап каза болду. 2 миң 335 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий