• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 299 учур катталды. Жалпы 43 миң 775

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 43 миң 775 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 299 жаңы учур катталды. Ал эми 397 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 4-сентябрдан тарта мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди, ал эми 5-сентябрдан тарта кинотеатрлар, сейил бактар, ошондой эле карантиндик коопсуздук чараларын так сактоо менен коомдук тамактануу жайлары (кафе, ресторан, ашкана жана чайканалар) өз ишин жандантты. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу тесттери өтүүдө. Ошондой эле Кыргызстан менен чек ара ачылды.

Өзбекстанда коронавирустан 42 миң 277 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 350 бейтап каза болду. 2 миң 148 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 375 адамдын абалы оор болсо, 219унун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий