• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 309 учур катталды. Жалпы 62 миң 484

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 62 миң 484 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 309 жаңы учур катталды. Ал эми 334 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 59 миң 95 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 519 бейтап каза болду. 2 миң 536 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий