• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 316 учур катталды. Жалпы 10459

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 10 миң 459 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 316 учур катталган. Ал эми 265 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Өлкөдө 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат.

Учурда өлкөдө 10 миң 459 адам илдет жуктурса, анын 6 миң 425и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 37 бейтап каза болду. 3 миң 732 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 25инин абалы оор болсо, он биринин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий