• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 376 учур катталды. Жалпы 42 миң 370

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 42 миң 370 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 376 жаңы учур катталды. Ал эми 389 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 4-сентябрдан тарта мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди, ал эми 5-сентябрдан тарта кинотеатрлар, сейил бактар, ошондой эле карантиндик коопсуздук чараларын так сактоо менен коомдук тамактануу жайлары (кафе, ресторан, ашкана жана чайканалар) өз ишин жандантат.

Өзбекстанда коронавирустан 39 миң 664 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 326 бейтап каза болду. 2 миң 380 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 275 адамдын абалы оор болсо, 147инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий