• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 421 учур катталды. Жалпы 11259

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 11 миң 259 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 421 учур катталган. Ал эми 249 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдайт.

  • транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет;
  • мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жарым-жартылай аралыктан иштөөгө өткөрүлөт же эмгек өргүүсүнө чыгарылат;
  • мамлекеттик органдарда, уюмдарда жана ишканаларда чогулууга тыюу салынат;
  • аймактар ортосундагы транспорт каражаттарынын кыймылына (айыл-чарба азыктарын ташууга) тыюу салынат;
  • маданий-көңүл ачуучу жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • 65 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларда болууга, көчөлөрдө үчтөн көп болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат

Атайын комиссиянын чечими менен бул мезгилде төмөнкү ишкерлик субъектилердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат:

  • Парктар, аттракциондор жана эс алуу аймактары;
  • Кийим-кече саткан ири базарлар;
  • Машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер;
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана окутуу борборлору;
  • Коомдук тамактануу жайлары (ресторандар, кафелер, чайханалар);
  • Санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери, конок үйлөрү, суу жээктери жана башка эс алуу жайлары.

Учурда өлкөдө 11 миң 259 адам илдет жуктурса, анын 7 миң 6сы айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 45 бейтап каза болду. 4 миң 152 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 31инин абалы оор болсо, он экисинин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий