• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 478 учур катталды. Жалпы 56 миң 997

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 56 миң 997 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 478 жаңы учур катталды. Ал эми 487 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 53 миң 457 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 470 бейтап каза болду. 3 миң 69 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий