• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 494 учур катталды. Жалпы 14 787

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 14 миң 787 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 494 учур катталган. Ал эми 328 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Ошондой эле Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирген. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылды.

Учурда өлкөдө 14 миң 787 адам илдет жуктурса, анын 8 миң 655и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 72 бейтап каза болду. 6 миң 60 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 60ынын абалы оор болсо, жетөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий