Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 500 учур катталды. Жалпы 12706

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 12 миң 706 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 500 учур катталган. Ал эми 193 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Учурда өлкөдө 12 миң 706 адам илдет жуктурса, анын 7 миң 723ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 58 бейтап каза болду. 4 миң 925 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 45инин абалы оор болсо, жетөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий