• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 525 учур катталды. Жалпы 56 миң 68

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 56 миң 68 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 525 жаңы учур катталды. Ал эми 501 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Учурда жүрүп жаткан пандемияга карабастан, өлкөдө 76 пайыздан жогору мектептер салттуу режимде иштөөдө.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 51 миң 965 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 460 бейтап каза болду. 3 миң 168 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий