• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 547 учур катталды. Жалпы 15 миң 896

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 15 миң 896 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 547 учур катталган. Ал эми 348 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Ошондой эле Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирген. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылды.

Учурда өлкөдө 15 миң 896 адам илдет жуктурса, анын 8 миң 655и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 80 бейтап каза болду. 6 миң 813 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 70инин абалы оор болсо, 11инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий