• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 572 учур катталды. Жалпы 48 миң 192

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 48 миң 192 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 572 жаңы учур катталды. Ал эми 524 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 44 миң 526 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 400 бейтап каза болду. 3 миң 266 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 451 адамдын абалы оор болсо, 24үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий