• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 609 учур катталды. Жалпы 49 миң 385

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 49 миң 385 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 609 жаңы учур катталды. Ал эми 416 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 11 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 45 миң 474 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 411 бейтап каза болду. 3 миң 500 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий