• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 650 учур катталды. Жалпы 29 миң 459

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 29 миң 459 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 650 жаңы учур катталды. Ал эми 793 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 20 миң 380 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 183 бейтап каза болду. 9 миң 43 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 786 адамдын абалы оор болсо, 275инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий