• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 702 учур катталды. Жалпы 52 миң 491

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 52 миң 491 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 702 жаңы учур катталды. Ал эми 674 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 48 миң 606 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 440 бейтап каза болду. 3 миң 445 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 536 адамдын абалы оор болсо, 283үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий