• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 703 учур катталды. Жалпы 22 миң 872

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 22 миң 872 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 703 жаңы учур катталды. Ал эми 692 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 12 миң 937 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 132 бейтап каза болду. 9 миң 803 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 365 адамдын абалы оор болсо, 172синин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий