• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 704 учур катталды. Жалпы 28 миң 809

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 28 миң 809 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 704 жаңы учур катталды. Ал эми 804 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 19 миң 587 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 173 бейтап каза болду. 9 миң 43 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 728 адамдын абалы оор болсо, 217инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий