• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 74 учур катталды. Жалпы 3078

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 78 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 74 учур катталган. Ал эми 85 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереялар иштеп баштады", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 78 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 492си айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий