• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 746 учур катталды. Жалпы 24 миң 304

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 24 миң 304 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 746 жаңы учур катталды. Ал эми 784 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 14 миң 464 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 142 бейтап каза болду. 9 миң 697 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 594 адамдын абалы оор болсо, 197синин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий