• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 757 учур катталды. Жалпы 45 миң 927

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 45 миң 927 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 757 жаңы учур катталды. Ал эми 343 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан 42 миң 555 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 375 бейтап каза болду. 2 миң 997 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 439 адамдын абалы оор болсо, 218инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий