• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 764 учур катталды. Жалпы 27 миң 314

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 27 миң 314 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 764 жаңы учур катталды. Ал эми 1 миң 544 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 18 миң 51 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 165 бейтап каза болду. 9 миң 96 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 614 адамдын абалы оор болсо, 208инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий