• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 788 учур катталды. Жалпы 25 миң 828

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 25 миң 828 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 788 жаңы учур катталды. Ал эми 1 миң 208 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 16 миң 507 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 155 бейтап каза болду. 9 миң 166 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 564 адамдын абалы оор болсо, 215инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий