• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирусту жуктурган 39 учур катталды. Жалпы 2691

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 691 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 39 учур катталган. Ал эми 22 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"8-майдан баштап Өзбекстанда аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Өлкөдөгү карантин 1-июнга чейин узартылган. Ал эми 18-майдан тарта коронавируска байланыштуу кабыл алынган чараларды этап-этабы менен жумшартуу башталат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 691адам илдет жуктурса, анын 2 миң 158и айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 11 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий