• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирусту жуктурган 63 учур катталган. Жалпы 3463

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 463 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 63 учур катталган. Ал эми 58 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереялар иштеп баштады", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 463 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 694ү айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 14 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий