• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирусту жуктурган 70 учур катталды. Жалпы 2950

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 950 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 70 учур катталган. Ал эми 34 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Төрт облустун аймагы (Фергана, Кашкадарыя, Жизак, Сурхандарыя) коронавирустан эркин зона деп жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 950 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 372си айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий