• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда сынактардан жогорку упай алган абитуриенттерге президенттик стипендия бериле баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Өзбекстанда 2021-2022-окуу жылынан тартып мамлекеттик жогорку окуу жайларга тапшыруудагы сынактардан эң жогорку упай алган 200 абитуриент үчүн президенттик стипендия киргизилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 6-июлда кол койгон "Зээндүү балдарды колдоо чаралары тууралуу" токтомдо айтылат.

Документке ылайык, президенттик стипендия алуу укугуна белгилүү бир билим берүү тармагына бөлүнгөн квотага талапкер болгондордун тизмесинде акыркы жайгашкан абитуриент, ошондой эле сынактарда андан аз эмес упай алган бардык жарандар ээ болушат.

Президенттик стипендиянын жеңүүчүлөрүн өлкөнүн Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги, Жогорку билим берүү боюнча республикалык кеңеш жана Студенттер арасындагы жаштар иштери боюнча агенттик аныктайт. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр президенттин мамлекеттик стипендиясы менен сыйланышат.

Бакалаврдык бөлүмдү аяктаганга чейин туруктуу түрдө президенттик стипендия алган студенттер өз тармагына жакын адистиктер боюнча магистратурага сынактары жок эле кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий