• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда түндөн бери коронавирус жуктурган бир да учур катталган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда 4-май саат 23:00дөн 5-май саат 10.00гө чейин, башкача айтканда, 11 сааттын ичинде коронавирус жуктурган бир дагы учур катталган жок. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуктурган 29 учур катталса, илдеттен айыккан 86 бейтап реабилитацияга которулду.

Акыркы 14 күн ичинде коронавирустан айыккан адамдарды саны илдетти жуктургандардын санынан ашып өттү.

Өзбекстанда карантин 10-майга чейин узартылган, бирок 30-апрелден тарта этап-этабы менен карантиндик чаралар жумшартылууда.

Учурда Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 2 миң 189ду түзсө, ал эми айыккандардын саны 1 миң 405ке жетти. Илдетти жуктурган 10 адам каза тапкан.

Белгилей кетсек, өлкөдө алгач ирет 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий