• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда таасирлүү прокурор үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министрлигинин кеңешчиси, 68 жаштагы Мираглам Мирзаевге карата кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ал өлкөдө “Антибиотик” каймана ат менен таанымал болчу. Мирзаевдин аялы жана уулу дагы кармалды.

Өзбекстан ИИМинин аткаминерлеринин бири маалымдагандай, Мираглам Мирзияевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Абдурашид Мирзаев (Мираглам Мирзаевдин уулу) жана Ташкент шаарынын Юнусабад районунун Адвокаттар коллегиясынын жетекчиси Мухаббат Хасанова (Мираглам Мирзаевдин аялы, каймана аты – “Кардинал”) кармалды.

Мираглам Мирзаевдин кошунасы 23-февралда күч түзүмдөрүнүн кара беткапчан атайын тобу Мирзаев баш болгон бир нече кишини үйдөн башына кап кийгизип алып кеткенин көргөн.

Алар мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышкан.

Мираглам Мирзаев мурдагы бийлик тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгон. Ал былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган.

Пикир

Оставить комментарий