• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда тарыхый мечиттин түрттүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Маргиландагы "Хожа Порсо" тарыхый мечитинин түрттүрүлүшүнө байланыштуу Фергана облустук Маданий мурастар башкармалыгынын бир нече кызмат адамына каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш иштери "Материалдык маданий мурасты талкалоо, зыянга учуратуу" жана "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренелери боюнча козголду.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар 1869-жылы курулган мечит түрттүрүлгөнүн, анын ордуна жаңысы салына баштаганын кабарлашкан.

Фергана облустук акимчилиги мечит 1869-жылы эмес, 1918-жылы курулганын жана имаратта жаракалар пайда болуп, пайдубалы чөгүп калганын билдирген. Намаз окуу үчүн колдонулуп келген мечиттин урап калуу коркунучунан улам акимчилик техникалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен тиешелүү көзөмөл органдарына кайрылган. Экспертизанын жыйынтыгында имараттын конструкциясы коопсуздуктун талаптарына жооп бербей турганы белгиленген. Буга байланыштуу мечитти түрттүрүү жана анын ордуна жаңы имарат куруу долбоору иштелип чыккан. Бул үчүн жооптуу мекемелерден эксперттик корутунду алынган.

Кийинчерээк Маданий мурастар агенттиги бул боюнча кызматтык териштирүү аяктаганын, анын жыйынтыгында илимий-эксперттик кеңеш жаңы имарат куруу долбоорун четке какканын билдирген. Буга долбоордук уюмдун лицензиясы менен имараттын тарыхый башкы планы жок экени себеп болгон. Комплекстин жаңы башкы планын иштеп чыгууда мечиттин аймагындагы имаратты сактап калуу керектиги жазылган.

"Хожа Порсо" мечити министрлер кабинетинин 2019-жылдагы токтому менен Материалдык-маданий мурастар объектилеринин улуттук тизмесине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий