• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда "Ташкент-Тамчы" аба каттамын жандандыруу сунушу айтылды

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. КРнын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин жарандык авиация тармагында кызматташуусунун азыркы абалы жана авиация кызматтарынын алдыдагы кызматташуусу талкууланган.

"Учурда Кыргызстандын курорттук-эс алуу мекемелеринин Өзбекстандын ишканалары жана мекемелеринин кызматкерлеринин Ысык-Көлдө эс алуусун уюштуруу боюнча кызматташтыгын жана туристтердин санынын көбөйүүсүн эске алып, кыргыз тарап “Ташкент-Тамчы (Ысык-Көл)” чартердик каттамын кайрадан жандандыруу сунушун киргизди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “Ош-Ташкент-Ош” аба каттамы боюнча маселе талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий