• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда таштан кагаз чыгарыла баштады

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Фергана облусуна иш сапарынын алкагында Фергана шаарындагы Кытайдан келген уникалдуу технологиянын жардамы менен таштан кагаз чыгарган «Fergana stone paper» ишканасына барды. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстан агенттиги билдирди.

Мирзиеевдин айтымында, кагаз чыгаруу – кол өнөрчүлүктүн байыркы багыттарынын бири. «Өз учурунда самарканд кагазы дүйнө жүзүнө аты чыккан. Бул ишкана – тарыхый салтты өнөр жай деңгээлинде калыбына келтирүү болуп калат», - деди өзбек лидери.

Адистердин айтымында, таш кагаз бир катар артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, целлюлоза кагаздарын чыгаруу үчүн көп суу сарпталат, бул курамында зыяндуу нерселер бар болгону үчүн мындан ары колдонууга жараксыз болуусун шарттайт.

Экинчиден, мындай кагаздар катуу жана чыдамдуу болуп, нымдуулукка жана булганууга туруктуу келет. Ошондуктан таш кагаз полиграфияда, таңгактарды жана туш кагаздарды өндүрүүгө абдан ыңгайлуу. Ал тышкы базарларда жогорку суроо-талап менен колдонулуп жатат.

«Fergana stone paper» ишканасында 60 адам иштейт, бир жылда 9 тонна таш кагаз өндүрүү жолго коюлган.

Аталган долбоор Мирзиеевдин 2019-жылы 6-майда Фергана облусуна болгон иш сапарында көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий