• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда тасма тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгашасынын бир бөлүгү кайтарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Өзбекстандын аймагында фильм тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгымдарынын 20 пайызы ( бирок 300 миң АКШ долларынан ашпаган сумма) мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет. Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн 19-сентябрда кабыл алынган токтомунда айтылат.

“Укуктук маалымат” Телеграм-каналы билдиргендей, чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстандын аймагында фильм тартуу үчүн “Өзбекино” улуттук агенттигинен уруксат алып, кызматташуу боюнча келишимге кол коюшу керек.

Мындан тышкары чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстандын коммерциялык банктарынан атайын эсеп ачып, тасма тартууга кеткен чыгашаларын дал ушул эсептин негизинде жүрүзүүгө милдеттүү болот.

Өзбекстандын Каржы министрлиги чыгашалардын бир бөлүгүн кайтарып алуу боюнча документтерди фильм тартуу үчүн уруксат берилген мөөнөт аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий