• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган аял 10,5 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. Өзбекстандын Аскер соту Сырдарыя облусунун 36 жаштагы тургуну Алена Кимди Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылууга күнөөлүү деп таап, 10 жыл 6 айга эркинен ажыратты. 12-июлда чыккан өкүм тууралуу Алена Кимдин туугандары «Азаттыктын» өзбек кызматына 21-августта билдиришти.

Адвокат Надежда Пактын айтымында, Алена Ким «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттук жараян мамлекеттик сырга байланыштуу болгондуктан, Кимдин адкокаты менен туугандары өкүмдүн көчүрмөсүн дагы деле алыша элек.

Кимдин сотко катышкан туугандары ал тыңчылык, башка мамлекеттин өкүлүнө мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды берүү, өз өлкөсүнө душмандык кылуу жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү эпизоддору боюнча айыпталганын айтышууда. Алена Кимдин эжеси Виктория Султанмурадова сиңдиси Тажикстанда иштеп келгендиги үчүн гана тыңчылыкка айыпталып жатканын билдирди. Анын айтымында, Алена Ким административдик укук бузуу үчүн 10 суткага камалган, бирок пол жуудан баш тарткандыгы үчүн камактагы мөөнөтү дагы узартылды.

Адвокаттын айтымында, бир канча жыл Өзбекстан ИИМинин аскерлешкен күзөт системасында иштеген Алена Ким курбусу Зуля Халимова менен бирге акча иштеп табуу үчүн коңшу Тажикстанга кеткен. Алар 2004-2005-жылдары Хужанд шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштешкен. Адвокат Аленанын коңшу өлкөдө жүрүшү өзбек укук коргоо органдарынын шектенүүсүн жаратканын билдирди. Султанмурадованын айтымында, өткөн жылы сиңдисинин курбусу Зуля Халимованы кармоо маалында укук коргоо органдары анын фотоальбомунан Алина Кимдин дагы сүрөттөрүн табышкан.

"Сурак маалында Зуля Халимова сиңдиме каршы көрсөтмө берди. Бирок ага карабастан Халимова дагы тыңчылыкка жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө күнөөлүү деп табылып, 12 жылга соттолду",– деп билдирди Султанмурадова.

Алена Ким эки баланын энеси.

Пикир

Оставить комментарий