• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда той-аштарды жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. 13-августта Сенат депутаттары үйлөнүү үлпөт, той-аштарды жөнгө салуу боюнча облустук, райондук, шаардык кеңештерди түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Комиссия жарандар менен биргеликте үлгүлүү үй-бүлөлүк иш-чараларды уюштуруу маселелерин да чечет.

Буга чейин Өзбекстан Сенаты тарабынан үй-бүлөлүк той-аштарды, үйлөнүү үлпөттөрдү жөнгө салуу боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Документ 5-25-март аралыгында коомдук талкууга алынган. Бирок 30-мартта күчүнө кире турган долбоор президент тарабынан сынга кабылып, жокко чыгарылган.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов да 1998-жылы атайын жарлык чыгарып, той-аш учурундагы ысырапкорчулук менен күрөшүүгө аракет жасаган.

Андан бери бул маселедеги аткаминерлердин аракети убактылуу кампанияга айланган.

Пикир

Оставить комментарий