• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда "Tourist friendly" зоналары түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. Өзбекстандын туристтик деп эсептелген аймактарында көңүл ачуу жайлары жана коомдук тамактануу объектилери мындан ары түнкүсүн дагы иштей баштайт.

Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо күчтөрү жана Улуттук гвардия бул аймактарды үч нөөмөт менен кайтарууга алат. Жергиликтүү бийлик туристтердин эс алуусуна шарт түзгөн программаларды бекитиши керек.

Учурда Өзбекстанда түнкү саат 23:00дөн кийин көңүл ачуучу жайлардын жана ресторандардын иштөөсүнө оозеки тыюу салынган.

Августтун аягында түнкү саат 21:00дөн кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга жана көңүл ачуучу жайлардын түнкү саат 23:00дөн кийин иштөөсүнө расмий түрдө тыюу салган өкмөт токтомунун долбоору чыккан. Бирок мейманканалар, ар түрдүү туристтик зоналар жана кластерлер, ошондой эле Tourist friendly сертификатын алган жайларга мындан ары бул өңүттөгү чектөөлөр киргизилбейт.

Пикир

Оставить комментарий