• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда турак-жайлар эми премьер-министрдин уруксаты менен гана түрттүрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Мындан ары Өзбекстанда жарандар менен ишкерлердин кыймылсыз мүлктөрү премьер-министрдин уруксаты менен гана түрттүрүлөт. Бул тууралуу «Ишкерлер менен жарандардын мүлктүк укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» президенттин буйругунда айтылат.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, кыймылсыз мүлктөрдү түрттүрүү үч этапта ишке ашырылат:

  • акимдер турак-жайлар түрттүрүлө турган аймактар боюнча материалдар топтомун өкмөткө алып барышат;
  • министрлер кабинетинде шаар куруу талаптарына жана каржылык эсеп-кысапка ылайык корутунду даярдалат;
  • андан соң корутундуну премьер-министр карап, чечим кабыл алат.

Мындан тышкары жер-жерлерде жарандар менен ишкерлерге келтирилип жаткан чыгымдарды каттоого алуу жана алардын базар бааларын аныктоо менен алектене турган атайын республикалык деңгээлдеги жумушчу топтор түзүлөт.

2-августтагы видеоселектордук жыйында Шавкат Мирзиёев премьер-министр менен президенттик аппараттын жетекчисине кайрылып, Фергана, Хорезм жана Кашкадарыя облустарынын башчыларын кызматтан алуу жана аларды элден кечирим суратуу маселесин кароо тапшырмасын берген.

4-августта аталган үч облустун башчылары жарандар менен ишкерлердин турак-жайларын түрттүрүү учурунда кетирген «кемчиликтери» үчүн коомчулуктан кечирим сурашкан.

Пикир

Оставить комментарий