• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда туздуу бороондун кесепеттери жергиликтүү өндүрүштөгү дары менен жоюлууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Өткөн аптада Өзбекстандын туздуу бороон каптаган Хорезм облусуна өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин атайын тобу барып, дыйкандарга жергиликтүү өндүрүштөгү «Биосолвент» жана «ДАГ-1» деп аталган дарыларды сунушташты. Алардын айтымдарында, бул дарылар өсүмдүктөрдү туздуу бороондун кесепеттеринен куткарууга жардам берет. Арал деңизинен келген туздуу бороон Өзбекстандын батыш жана Түркмөнстандын түндүк аймактарын 26-27-май күндөрү каптаган. Өзбекстанда туздан жана чаңдан Хорезм, Бухара жана Навои облустары зыян тарткан.

«Бул дарылар өзбек окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. «Биосолвент» препараты сууга аралаштырганда топуракты зыяндуу иондордон, ошондой эле уулуу жана оңой менен эрибеген туздардан тазалай турган касиеттерге ээ болот. Ал эми өсүмдүктөргө чачыла турган «ДАГ-1» дарысы биологиялык активдүү зат болуп эсептелет. Ал өсүмдүктөрдүн иммундук механизмдеринин ишин стимулдаштырып, алардын патогендерге карата туруктуулугун арттырат», ​– деп билдирди Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, эксперттер сунушталган дарылардын жардамы менен өткөн аптадагы туздуу бороондун кесепеттерин жоюу боюнча эксперименттерди башташты.

Бул дарылар эки гектар жерге чачылып, зыянга учураган топурак менен өсүмдүктөрдүн жаңы үлгүлөрү алынганы айтылууда. Эксперттердин билдиришинче, бул үлгүлөрдүн негизинде туздуу бороондун кесепеттерин жоё турган дагы жаңы дарылар иштелип чыгат.

Буга чейин Каракалпакстан жана Хорезм облустарынын жашоочулары туздуу бороон өсүмдүктөрдөн тышкары адамдардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатканын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий